
Тартылып бүткөндөр · 2025
Вердикт
Толук метраждуу көркөм фильм
Синопсис
Арман — таасирдүү ишкер. Мүнөзү катаал, чечкиндүү, аны баары сыйлашат жана коркушат. Анын жубайы менен кыздары анын таасиринде жашашат, бирок, сырткы бейпил жашоонун артында татаал сезимдер, жашыруун сырлар жана эркиндик үчүн болгон күрөш катылган. Убакыт өтүшү менен жубайы оор чечимдерди кабыл ала баштайт, ал эми кыздары сүйүү, берилгендик жана адеп-ахлактык принциптер сыналган окуяларга аралашып кетишет.
Анын байлыгы — көп жылдык эмгектин жана жакындарына эң жакшы шарттарды түзүп берүүгө болгон умтулуусунун жыйынтыгы. Бирок, күтүүсүздөн ал мыкаачылык менен өлтүрүлөт. Тергөө башталат. Кылмышка шектелгендердин катарында ага эң жакын адамдар — өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрү да бар. Сот залында курч суроолор көтөрүлөт. Арман чындап кандай адам болгон? Өлтүрүүнүн себеби эмнеде? Бул ишти ким жана эмне үчүн жасаган?
Техникалык мүнөздөмөлөр
| Узактыгы | 1 саат 30 мүнөт |
| Кадрдын катышы | 1.85:1 |
| Түсү | Түстүү, кара-ак |
| Көрсөтүү форматы | DCP, mov, mp4 |
| Тартуу форматы | 4K, BRAW |
| Үн | Stereo |
| Өндүрүш аяктаган жылы | 2025 |
| Өлкө | Кыргызстан |
| Негизги тил | Кыргыз тили |
| Субтитрлер | Англис тилинде |
| Жаш курактык чектөө | 16+ |
| Жанр | Драма |
Трейлер
YouTubeТартуучу топ
Ролдордо
Фестивалдар
- 2025IV Бишкек эл аралык кинофестивалыДүйнөлүк премьера
Тасмадан кадрлар

